Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдү Акыркы коңгуроо майрамына карата коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Бул тууралуу аталган минстрликтин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү милиция кызматкерлери республиканын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Коомдук коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат.
"Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Акыркы коңгуроо — бул өмүрдөгү өзгөчө күндөрдүн бири катары эсиңиздерде калышы керек. Ошондуктан Ички иштер министрлиги сиздерден бул майрамды шаңдуу маанайда, бирок ошол эле учурда жоопкерчилик менен өткөрүүнү суранат. Коомдук тартипти сактап, ар кандай мыйзам бузуулардан алыс болуңуздар", - деп жазылат маалыматта.