Израилдин Коргоо күчтөрүнүн аскерлери Палестинага барган Европа өлкөлөрүнүн делегация мүчөлөрүнө жана журналисттерине ок чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, окуя Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Женин шаарында болгон.
Палестинанын Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык делегациянын курамында Иорданиянын, Египеттин жана Марокконун элчилери, ошондой эле Улуу Британиянын, Грециянын жана Франциянын консулдары бар экендигин билдирди.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Кийинчерээк Израил тарап окуяга өкүнүчүн билдирип, ички иликтөө иштерин баштаганын жарыялады. Билдирүүдө делегациянын макулдашылган каттамдан чыгып кеткени белгиленген.