Кыргызстандык спортчу Азирет Автандилов бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль утту.
Автандилов 86 килограммдык салмакта күч сынашты. Ал финалдык беттеште индиялык Яш Кумар менен кез келди. Үч раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан 5:0 эсебинде жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.
Айта кетсек, учурда Шри-Ланканын Коломбо шаарында 2007-2008-жылы туулган спортчулар арасында мелдеш өтүп жатат. Бүгүн, 22-майда финалдык беттештер өтүүдө.
Ал эми Кыргызстандын мушкер кыздары ушул мелдеште 2 күмүш, 3 коло медаль утуп алышты.