Кара-Суу районунда 4 чакан ГЭСтин курулушу башталды

Бүгүн, 22-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар энергетикалык объекттердин курулушун баштоого мезгил кутусун салды. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алгач Касымалиев Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында жалпы кубаттуулугу 9 мегаватт болгон “MGM-групп” ЖЧКсынын Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4 чакан гидроэлектростанцияларынын, ошондой эле электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү көмөк чордонунун, мындан тышкары заманбап бетон чыгаруучу заводдун курулушунун башталышына старт берди. Жогорудагы чакан ГЭСтерди, көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 870 миллион сом, ал эми бетон заводдуку 70 миллион сом. Бул каражаттар жеке ишкерлер тарабынан каржыланган.

Андан соң төрага Отуз-Адыр айыл аймагында аккумуляторлорду чыгаруучу заводду баштоо аземине барды.

Жалпы сметалык наркы 452 миллион сомду түзгөн бул завод аккумулятор чыгаруу менен гана чектелбестен, күн нурунан кубатталуучу күн чырактарын, төмөнкү жана жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгыларын чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан