Бишкекте курут саткан баланын жакшылыгы чет элдикти суктандырды (видео)

Бишкектеги "Ош базарында" курут саткан бала чет элдиктерди суктандырды. 14 жаштагы Темирландын катышуусундагы бул тасманы чет элдик жаран өз социалдык баракчасында бөлүшүп, анын жасаган кадамына таң калды.

Тасмада байкалгандай, ал алгач чет элдик жаранга эң даамдуу курутту сунуштап, андан соң бекер берүүнү көздөгөн. Бирок ал анын бул кадамына көнбөй, колуна акча карматкан. Баарлашууну Темирлан англис тилинде жүргүзүп, ата-энесине жардам берип жатканын, тилди мектептен үйрөнгөнүн айтып, чет элдиктерди таң калтырган.

Анын жасаган бул кадамы чет элдик жаранды суктандырып, бекер берүүнү көздөгөндүгүн айтып кубанды. Жана да аталган базардан позитивдүү адамдарды көп кездештиргенин билдирди.

Бишкекте курут саткан баланын жакшылыгы чет элдикти суктандырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан