Бет капчан киши (Человек в маске) бул ирет 14 жаштагы казакстандык Сержан аттуу балага жардам берди.
Анын ата-энеси мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Атасынын көзү азиз. Апасынын эпилепсиясы кармап, талып калган учурлары көп болот. Ал эми бир тууган эжесинин да көрүүсү начар. Анын үй-бүлөсү бир бөлмөлүү батирде ижарада турат.
Бул туурасында Сержан бет капчан кишига айтып берип, мектептен тышкаркы учурда жүк ташуучу болуп иштээрин билдирди. Мечитке барып, намаз окуп, ата-энесинин ден соолугу үчүн дуба кылып турарын, ошондой эле анын эң кыйын кези нан таба албай калган учуру экендигин кошумчалады.
Бет капчан киши сүйлөшүүнүн акырында Сержандын ата-энеси дарыланууга барарын, анын билим алуусуна жаңы эшик ачыларын айтып, мындан тышкары жаңы батирдин ачкычын тапшырды.