Москвадагы аэропорттордо аба каттамына коюлган чектөөлөр алынды

Москва шаарындагы Домодедово жана Жуковский аэропортторунда аба каттамдарына коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Росавиациянын басма сөз катчысы Артем Коренякого таянып РИА Новости басылмасы жазды.

Маалым болгондой, чектөөлөр 23-майга караган түнү алынган.

"Домодедово жана Жуковский аэропортторунда Москва убактысы боюнча саат 03:23төн тарта учактардын учуп-конушуна коюлган чектөөлөр алынды", - деп жазды Кореняко телеграм каналына.

Мындан тышкары, Иваново, Калуга, Кострома, Ярославль жана Тамбов шаарларынын аэропортторунда киргизилген чектөөлөр алынды.

Кечээ, 22-майда аталган аэропорттордо каттамдарга убактылуу чектөөлөр киргизилгени маалымдалган. Мындай чечим учкучсуз учактардын чабуулдарына байланыштуу кабыл алынган. Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин борборду көздөй учкан 26 дрон жок кылынганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан