Эфиопияда Швециядан келген чардак тыңчылыкка шектелип кармалды 

Эфиопияда Швециядан келген чардак тыңчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматтарга караганда, жергиликтүү жашоочулар канаттуудан кандайдыр бир шектүү электрондук аппарат илинип жүргөнүн байкашкан. Мындан улам аны кармап, аталган белгисиз буюмду текшерүүнү чечишкен.

Натыйжада чардакта илинип жүргөн аппаратта Швециянын жаратылышты коргоо тобуна таандык электрондук почта болгон.

Ал эми аталган почтага жооптуу мекеме эфиопиялыктарга кырдаалды түшүндүрүп кат жиберип, чардактын көбөйүшү үчүн аны коё берүүнү суранышкан.

"Аймактарда бир нече аскердик кагылышуулар болуп жатат. Учурда канаттуулар же канаттуу түрүндөгү дрондор тыңчылык үчүн колдонулуп келген жана колдонулуп келүүдө", - деп жооп кылган Эфиопия тарап.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан