Америка Кошмо Штаттарынын полициясы ресторанда аялдардын дааратканасына бир нече жашыруун камера орноткон Лас-Вегастагы барменди кармаганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Полиция Кристофер Коэн John Cutter Tavern ресторанында иштегенин аныктаган. Мекемеге келгендердин бири ажатканадан кубаттагычка окшош, бирок ичинде жашыруун камера орнотулган шектүү аппаратты таап алган.
Андан мекемеге келген аялдардын дааратканага кирип жүргөнүн көрсөткөн видеолорду табышкан.
Тергөө учурунда ал адам үйүндөгү ажатканага да жашыруун камера орнотуп алганы белгилүү болгон. Жазуулардын биринде сегиз жана он үч жаштагы кыздар тартылган, алардын бири бармендин өзүнүн кызы болгон.