Казакстанда полиция кызматкери абактагы аялды зордуктаган

Казакстандын Шымкент шаарындагы убактылуу кармоочу жайдын кызматкери абактагы аялды зордуктаганы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Анда абактын кызматкери жабыркаган аял жаткан камерага кирип, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат бере турганын айткан. Андан кийин аялдын каршылыгына карабастан зордуктап салган.

Жабыркаган аял башында бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Бирок октябрь айында медициналык кароодон өткөндө анын боюнда бар экени аныкталып, ошондон кийин окуя тууралуу маалымат берип, арыз жазган.

Кийинчерээк ал жыныстык катнаш ыктыярдуу болгонун жана арыз жазуу учурунда эмоцияга алдырганын айтып, дооматынан баш тарткан.

Ал эми сот жабырлануучунун алгачкы көрсөтмөлөрү, медициналык корутундулар, байкоочу камералар жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, аялдын макулдугу болгон учурда дагы жоопкерчиликтен качууга айыптап, аны 9 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан