Калифорния штатынын Сан-Диего шаарына жакын жерде Cessna 550 үлгүсүндөгү жеңил моторлуу жеке учак кулап түшүп, бир нече адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу калаанын Өрт өчүрүү кызматынын жетекчисинин орун басары Дэн Эдди журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учак шаардын турак жайлар жайгашкан аймагына кулап түшкөн. Каза болгондор бир адамдан көп, бирок азырынча так саны белгисиз. Учакта канча жүргүнчү болгону такталып жатат.
АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы (FAA) билдиргендей, кырсык бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:45 чамасында болгон.
Учурда кырсыктын себептери такталууда. FAA жана Улуттук транспорттук коопсуздук кеңеши биргелешип тергөө иштерин баштай турганы айтылды.