Коопсуздук күчтөрү орусиялык ырчыны өлтүргөн адамды табышты

Дагестанда тергөөчүлөр авар тилинде ырларды аткарган 47 жаштагы ырчы Талисман Омарованын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларынын маалыматы боюнча, трагедия Каспийск шаарында болгон. Ал жерде сүрөтчү 34 жаштагы эркек киши менен жашаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын ортосунда чыр чогуу спирт ичимдигин ичип отурган учурда чыккан. Талаш-тартыш учурунда эркек аялга кол салып, көмөч казан менен сабап, натыйжада ал ошол жерден каза болгон.

Шектүү укук коргоо органдары тарабынан ыкчам түрдө кармалды. Ага карата кылмыш иши козголуп, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан