Бишкектин тургуну автобустун жүргүнчүлөрүнө жана айдоочуларына нааразычылыгын билдирди (видео) 

Социалдык баракчалардын биринин колдонуучусу Бишкек шаарындагы аялдамадагы кырдаалды видеого тартып киргизип, өз нааразычылыгын билдирди.

Ал коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү аялдаманын ичине кирбестен, анын сыртына туруп алгандыгына түшүнбөй жаткандыгын айтты. Ага улай автобустар да аялдамага жетпей токтоп алышкандары таң калычтуу экендигин белгиледи.

Айта кетсек, “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талант Капаров баш болгон кызматкерлер атайын рейд уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Айрым аймактарга атайын кызматкерлер да дайындалган. Бирок бул аракеттерден майнап чыкпай келет.

Сиздин оюңуз кандай?

23.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Жумабек
2025-05-23 23:19:00
Щтрафтан салсын олчойтуп 20 миң же 30 миң ошондо көздөрү ачылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан