Кытайдагы Мин династиясынын тарыхый мунарасынын чатыры урап түштү (видео)

Кытайдагы Мин династиясына таандык тарыхый мунаранын чатырынын алдыңкы тарабы урап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, бул Кытайдагы эң чоң мунаралардын бири. Ал 1375-жылы курулган, имаратка 650 жыл болгон. Ал аймакка өткөн жылы 420 миң доллар жумшалып, оңдоп-түзөөдөн өткөн.

"Кырсык жумуш күнү бүткөн учурда болуп, адам курмандыктарына алып келген эмес. Тарыхый имарат учурда жабык. Видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар подрядчыларды оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жасаган деп айыпташты. Жергиликтүү бийлик кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Бул Кытайдагы тарыхый эстеликтердин реставрациядан кийин бузулушуна байланыштуу биринчи жаңжал эмес", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан