Социалдык түйүндөрдө дүйнөгө белгилүү болгон казак ырчысы Димаш Кудайберген үйлөндү деген видео тарады. Анда ал үлпөт көйнөгүн кийген кызга гүл берип, маңдайынан сүйгөндүгүн көрүүгө болот.
Ал эми социалдык баракчалардын колдонуучулары бул казак дин таануучусу Мухамеджан Тазабектин күйөө баласы экендигин жазышууда. Анын ырчы Димашка окшоштук жактары көп экендиги байкалат.
Айта кетсек, ырчы учурда Алматыда өтүүчү жеке концертине кызуу даярдык көрүүдө.