Таласта сууга агып бараткан 3 кичинекей кызды милиция кызматкерлери куткарып калышты (видео)

Таласта сууга агып бара жаткан 3 кызды милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-майда Кырк-Казык айылында кызматтык милдетин аткарып жаткан Талас ОИИБинин кызматкерлери Эркин Койкумбаев, Руслан Акматов жана Арал айылынын тургуну Бактыгул Жаныбеков суусу шар аккан каналда үч кыз агып баратканын байкап калышып, аларды куткарып калышкан. Милиция кызматкерлери өспүрүм кыздын бирөөсүнө суудан чыгарышкан соң биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Азыркы учурда кыздардын абалы туруктуу экендиги маалыматта кошумчаланды.

Куткарып калган милиция кызматкерлерин жана тургунду Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев кабыл алып, жаш өмүрлөрдү сактап калгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды тапшырды.

23.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан