Ысык-Көл облусунун 22 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда президент Садыр Жапаровдун аталган аймакка болгон иш сапарынын алкагында маалым болгонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы облустун өнүктүрүү планы менен таанышты. Ысык-Көл облусунун 1 миллиард 668 миллион сомду түзгөн бюджети бар. Ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 10 миллиард сомдон ашкан.
Облуста 311 чакырым жолдун курулушу уланууда. Анын ичинде Түп–Кеген, Балыкчы–Барскоон, Корумду–Балбай ири долбоорлору бар. Жакынкы арада Барскоон–Каракол унаа жолунун курулушу башталат.
Мындан тышкары президентке 134 объекттин курулуп жатканы, анын 69у ишке берилгени тууралуу маалымдалды. Анын ичинде 11 мектеп, 10 бала бакча, спорт комплекси, 29 кичи футбол аянтчасы, 2 оорукана жана 13 фельдшердик-акушердик пункт бар.
Облусту өнүктүрүү планына ылайык, 2025-жылы 4 чакан ГЭС жана кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн электр станциясы курулат. Келечекте дагы 34 кичи ГЭС, 5 күн жана 1 шамал электр станциясын куруу пландалып жатканы кошумчаланды. Ошол эле учурда Ысык-Көл облусунун 22 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болот.
Белгиленгендей, туризм тармагында көл жээктеринин абалын жакшыртуу жана эс алуучуларга шарт түзүү боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө. Чолпон-Ата шаарында жээк аймагынын курулушу аяктоо алдында турат жана аны быйылкы сезондо бүткөрүү пландалууда.