Кытайда дүйнөдөгү эң бийик көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Ал Гуйчжоу шаарында жайгашкан жана "жердеги жарака" деп аталган Хуацян чоң каньонун кесип өтөт.
Анын курулушу 2022-жылдын 18-январында башталып, ушул жылдын 30-июнунда ачылышы пландалууда.
Узундугу 2890 метр болгон темир асма көпүрө деңиз деңгээлинен 625 метр бийиктикке көтөрүлгөн. Жалпысынан көпүрөгө кеткен темирлердин салмагы 22 миң тоннага жакын, бул үч Эйфель мунарасынын салмагына барабар.