Таласта 6 миллион сомдук жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештиргендер аныкталды

Айтматов районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 6 миллион сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, райондук прокуратура тарабынан Жоон-Дөбө айылында текшерүү жүргүзүлүп, муниципалдык турмуш тиричилик үйүнүн 0.33 гектар жери жана райондук ооруканага тиешелүү 0,62 гектар тилке жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан