"Жеңгендер Москвага барат". Башкы прокуратура жаштар арасында сынак жарыялады

Башкы прокуратура "Бирге коррупцияга каршыбыз!" аттуу эл аралык социалдык жарнама сынагынын башталганын жарыялады.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул сынак Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин алкагында өткөрүлүп, ага 10дон 25 жашка чейинки жаштар катыша алышат.
Катышуучулар сынакка бир, эки же бардык үч номинация боюнча иштерин тапшыра алышат: сүрөт, плакат, видеотасма.
"Катышуучулар өз иштерин 2025-жылдын 25-октябрына чейин расмий сайтка — www.anticorruption.life — жүктөөгө тийиш. Сайтта сынактын эрежелери жана техникалык талаптары менен таанышууга болот. Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, Башкы прокуратура тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Ошондой эле ар бир номинациянын биринчи орун ээлери Орусиянын Москва шаарында өтө турган эл аралык финалга жолдомо алышат. Финалдык этапта алардын эмгектери Мамлекеттер аралык кеңешке мүчө болгон өлкөлөрдүн мыкты иштери менен биргеликте каралып, жыйынтыктоочу баалоодон өтөт", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан