Кечээ, 23-майда президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы "Ынтымак" футбол стадионунун ачылышна катышып, өлкөдө оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан стадиондор боюнча маалымат берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, өлкө башчысы спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларды кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жаткандыгын билдирди.
"Быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондордо калыбына келтирүү иштери башталды. 51 миң орунга эсептелген Борбор Азиядагы эң чоң стадиондордун бири курулуп жатат. Ал бүтсө чоң беттештер орун алат. Учурда Кыргызстан 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүгө арыз берген", - деп билдирди Жапаров стадиондун ачылышында.
Айта кетсек, спорттук аренанын ачылышында Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 11-турунун алкагында “Барс” жана “ОшМУ” футбол клубдарынын беттеши болду.