Нарын облусунун Ак-Талаа райондук Каржы башкармалыгынын башчысы К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, шектүүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Ал башкармалыктын С.Б. аттуу күзөтчүсүнө кийин кайра өзүнө каттоо ниети менен эсептен чыгарыла турган Хонда СRV кызматтык унаасын менчиктештирип берген. Аны жеке компания 150 миң сомго арзандатылган баада баалап, күзөтчүнүн аты менен өзү жеке максатта колдонуп жүргөн.
Эсептен чыгаруу процедурасына чейин К.Б. унаага тетиктерди алуу, оңдоо иштерин башкармалыктын эсебинен аткаргандыгы маалыматта белгиленди.
Учурда тергөө иштери уланууда.