Стамбулда Гези паркындагы бак-дарактардын кыйылышы боюнча болгон нааразылык акциясына байланыштуу Султан Сулеймандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч 1 жыл 10 ай 15 күнгө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ошондой эле чечим менен дагы бир актёр Риза Кожаоглу шарттуу түрдө 1 жыл 8 айга абакка кесилди.
Белгиленгендей, Эргенч менен Кожаоглунун 2013-жылы Стамбулдун борборундагы Гези паркында болгон массалык нааразылык акцияларына тиешеси бар экендиги айтылды. Алгач экологиялык активисттердин митинги бир нече күндүн ичинде өкмөткө каршы масштабдуу кыймылга айланган.
Эргенч бул ишке аралашкандыктан, укук коргоо органдары анын негизги фигуралардын бири, актёр жана активист Мехмет Али Алобора менен мамилесине кызыгышкан.
Айыпталуучулар Алобора менен эч кандай байланышы жок экенин айтып көрсөтмө бергени айтылат. Бирок жайгашкан жердин анализи, телефон чалуулар жана фотосүрөттөр Эргенч нааразылык акциялары учурунда Алобора менен бирге болгонун тастыктаган.