13–16-майда Азербайжандын Баку шаарында өткөн эл аралык GOLD SHAH-2025 кулинардык сынагында Кыргызстандын ашпозчулары 3 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль утуп, кесипкөйлүгүн далилдешти.
Бул иш-чара дүйнөлүк деңгээлдеги ашпозчулар чогулган эң чоң кулинардык платформалардын бири болуп саналат. Кыргызстандын таланттуу ашпозчулары өзүнүн оригиналдуу рецепттери жана жогорку деңгээлдеги чеберчилиги менен калыстарды жана катышуучуларды таасирлентти.
Иш-чарага катышууга чоң салым кошкон Sheraton Bishkek отелине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Отель биздин командага колдоо көрсөтүп, даярдык көрүүгө жана сынакка толук көңүл бурууга бардык шарттарды түзүп берди.
Sheraton — бул сапаттын, меймандостуктун символу. Мындай колдоонун аркасында биздин ашпозчулар Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтө алышты.
“Биздин ашпозчулардын ийгилиги — бул Кыргызстандын бай кулинардык мурастарынын таанылышы. Азыр биздин улуттук тамактар дүйнөлүк деңгээлде белгилүү болуп калды”, — деп белгиледи команда өкүлү.
Бул жеңиш — кыргыз ашканасынын дүйнөлүк гастрономиялык картасында өз орду бар экендигин дагы бир ирет далилдеди.