Ош облусунун Кара-Суу районунда күчтүү таасир этүүчү дарыларды сатып жүргөндөр аныкталып, кармалды. Бул туурасында бүгүн, 24-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга баңгизатын жана анын анологдорун сатып жүргөндөр боюнча маалымат апрелде келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду.
Анын натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү такталып, 1986-жылы туулган Э.Э., 1987-жылы туулган М.Р., 1993-жылы туулган А.Ж., 1996-жылы туулган К.М., жана 1999-жылы туулган Ч.уулу А., аттуу тургундар кармалышты. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, эки түрдүү күчтүү таасир этүүчү дарылардын ири өлчөмү алынды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.