Көкөмеренге балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда

Бүгүн, 25-майда Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө 41 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, издөөгө райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, туугандарынан 25 адам чыкты. Ошондой эле 1 дрон менен айлананы кароо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Айта кетсек, 19-майда 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу адам балык уулоого чыгып кеткен боюнча үйүнө келген эмес. Анын кайырмагы суу жээгинен табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан