Чүйдө эки айылдын окуучуларынын арасында массалык мушташ болду (видео)

Чүй облусунун Сокулук районунда окуучулар арасында массалык мушташ катталды.
Жергиликтүү басылмаларда 50гө жакын окуучу Кожомкул айылына чогулуп, мушташышкандыгы айтылды. Алар аталган айылдын жана Новопавловканын 8-9-классынын окуучулары экендиги кошумчаланды.
Ал эми Чүй облустук милициясы бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле бүгүн, 25-майда массалык мушташтын катышуучуларынын ата-энелери менен жыйын өткөрүлгөндүгү айтылды. Анда камкорчулардын милдеттери түшүндүрүлүп, мыйзамдуу жазалар жөнүндө эскертилди.
Видео turmush.kg басылмасынан алынды.
Массалык мушташ учурундагы видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан