"Биздин үй-бүлөдө кош майрам". Ырчы Самат Муратбеков 35 жашка толду (видео)

Бүгүн, 25-май – белгилүү эстрада ырчысы, мурунку "Жебе" тобунун солисти, алып баруучу, тамада катары да кыргыз журтчулугуна таанылган Самат Муратбековдун туулган күнү. Ал бул жылы 35 жашка толду. Ырчы менен байланышканыбызда таза абада жакын кесиптештери менен өздөрү ачкан Токмоктогу "Эко парк" эс алуу жайына туулган күн өткөрүү максатында бара жатышканын айтты.

Ал эми эсте калган туулган күнү жөнүндө сураганыбызда жубайы тарабынан жасалган пранк болгонун эстеди.

"Былтыркы туулган күнүмдө чоң дасторкон жайып, кафелердин биринде өткөргөм. Ошондо жубайым пранк жасап, унаа белек кыларын айтып, келген коноктордун баарын эшикке чыгарган. Бирок белек берилген эмес. Ал тааныштардын эсинде калып, азыркы күнгө чейин айтып, күлүп калабыз", - деди ырчы.

Ырчы Самат Муратбеков 1990-жылы 25-майда Чүй облусунун Кемин районунда туулган. Учурда жубайы менен 3 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат. Ал эми ырчынын жубайы Жылдыз Садыр кызы үй-бүлөсүндө кош майрам экендигин айтып, уулу менен жолдошуна өзгөчө куттуктоосун арнады.

"Ак боз атчан ханзаада, жомоктогудай эле менин жашоомду 180 градуска өзгөрткөн менин түгөйүм. Самат экөөбүздү жашоо чоңойтту, оңду-солду карап, талдап басканды үйрөндүк. Жараткандан келген сыноолорду кабыл алып, сынып калбай, чачырап бара жатканда чогултуп, кулаганда тургузуп, көйгөйлөрдүн көлүнө чөгүп баратканда бири-бирибизди куткардык. Башыбыздан кандай кыйын күн өтсө да кол шилтеп басып кетпестен, кол кармашып ошол абалдан бирге чыктык. Басып өткөн жолубузга бир кылчайып карап, Жаратканга шүгүрдөн башка айтарым жок. Жолдошум экөөбүз курган үй-бүлө ушул сүрөттөрдөгүдөй жомоктогудай болушу үчүн ошол сыноолордон өтүшүбүз керек болчу.

Менин кызгалдактарым, кыздарым, баатыр балам силер бактылуу жашоо кечириш үчүн биз колубуздан келген нерсенин баарын кылабыз. Силердин жайнаган көздөрүңөр үчүн бар күчүбүздү жумшайбыз.

Балапанымдын 1 жашы, ага катар келген түгөйүмдүн 35 жашы кут болуп, Жаратканым берекелүү өмүр берсин, балапаныма бактылуу балалык каалайм.
Жашообуз ушул сүрөттөгү жомоктогудай болсунчу", - деп ырчынын жубайы куттуктоосун жазган.



Ырчы Самат Муратбеков 35 жашка толду, уулу 1 жашка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан