
Чүйдө 2017-жылы туулган
Разбицкая Алина Руслановна изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кыздын апасы Сокулук райондук милициясына арыз менен кайрылган. Анда кечээ, 24-майда саат 20:00дө жашы жете элек кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Белгилери: бою болжол менен 140 сантиметр, арык денелүү, чачы кыска.
Кийген кийими: кызгылт түстөгү куртка, боз спорттук шым, ак тапичке.