25-27-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ошондой эле ӨКМ чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалоого чакырат.