Жо Байден ага рак оорусу боюнча диагноз коюлгандан бери биринчи жолу эл алдына чыкты. Биргелешкен сүрөттү мурдагы мамлекет башчынын жубайы Жилл Байден социалдык баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, АКШнын мурдагы президенти 23-майда Коннектикут штатынын Солсбери шаарында небереси Роберт Хантердин бүтүрүү аземине катышты.
Айта кетсек, буга чейин экс-президентке шишиктин эң агрессивдүү түрлөрүнүн бири деген диагноз коюлгандыгы айтылган.