Екатеринбургдун Борбордук аскер округунун үйлөмө аспаптар оркестри Хабаровскиге учуп бара жаткан жолдо учакта жүргүнчүлөргө концерт беришти.
Орус басылмалары жазгандай, бүгүн, 26-майда Хабаровскиде "Амур толкундары" фестивалы башталат. Апта ичинде ар кайсы шаарлардан келген оркестрдик топтор шаардын тургундарына жана конокторго өз чыгармачылыктарын тартуулайт. Музыкалык иш-чара жекшемби күнү облус борборунун көчөлөрүндө чоң марш-парад жана шоу менен аяктайт.