Башкы прокуратура 86,3 миллион сомдук саламаттыкты сактоо объектиси мамлекеттик менчикке кайтарылганын билдирди.
Маалымдалгандай, оорукана имараты жана ага жанаша жайгашкан жер тилкеси социалдык инфратүзүм объекттерин менчиктештирүүгө тыюу салган мыйзамдык чектөөгө карабастан менчиктештирилип кеткен.
Көрүлгөн чаралардын негизинде аталган объект мамлекеттин менчигине кайтарылды. Прокуратура органдары тарабынан мамлекеттик мүлктү коргоо багытында мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча системалуу иштер уланууда.