Өлкөдө сутка ичинде 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда ӨКМден билдиришти.
Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.
"Бишкек шаарында 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 3, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталды", - деп айтылат анда.
Министрлик жарандарды тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.