Нарын облусунун Жумгал районунун мурдагы Ремонттук-техникалык станциясына (РТС) – азыркы "Жумгал-Айылтехсервис" ЖЧКсына тиешелүү 1,14 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат РТС СССР убагында айыл чарба жана курулуш техникасын техникалык жактан тейлөөнү жана оңдоону ишке ашырып келгенин белгиледи. Объекттин аянты 4,5 гектарды түзгөн.
СССР тарагандан кийин РТС "Жумгал агротехникалык бирикмесине" айландырылып, кийин 1999-жылдагы Айыл жана суу чарба министрлигинин коллегиясында "Жумгал-Айылтехсервис" ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн. Анын директору болуп Чаек айылынын тургуну Б.Т. дайындалып, башкаруу функциялары жер жана агрардык реформа боюнча борборго өткөрүлүп берилген.
Жер жана агрардык реформа боюнча борбордун директору О.Т. жана Б.Т. сүйлөшүп алышып, банкроттук шылтоосу менен "Жумгал-Айылтехсервис" ЖЧКсынын активдерин жеке менчикке чыгарышкан. Тагыраагы, 2004-жылы 0,4 гектар жер тилкесинин бир бөлүгү, "Жумгал-Айылтехсервис" ЖЧКсынын имараттары жана курулмалары "Жумгал сервис" кооперативине өткөрүлүп берилген. Ал аталган адамдар тарабынан алдын ала пландаштырылган схема боюнча юстиция органдарында жакын адамдарына катталган. Калган жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылган.
УКМК кайтарылган жер тилкеси Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлгөнүн маалымдап, учурда жергиликтүү бийлик мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында кайтарылган аймакка турак жайларды куруу маселесин карап жатканын кошумчалады.
"Буга чейин УКМК "Жумгал-Айылтехсервис" ишканасынын имараттары менен курулуштарын мамлекетке кайтарып берген. "Жумгал-Айылтехсервис" ЖЧКсынын кыймылсыз мүлкүнүн калган бөлүгүн мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иш-чаралар уланууда", - деп жазылат маалыматта.