27-майда Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчөт

27-майда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндө ичүүчү суунун берилиши токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, суунун убактылуу токтотулушу өрт коопсуздугу үчүн объекттерди туташтыруу иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Суу өчүрүлүүчү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

  • Ахунбаев,
  • Тыналиев,
  • Курчатов,
  • Миңжылкыев.

"Бишкекводоканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме-ишканаларды алдын ала ичүүчү суу менен камсызданып алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан