Түштүк Кореянын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Ли Чжэ Мён эгер шайланып калса, Сеул менен Түндүк Кореянын ортосундагы байланышты, анын ичинде аскердик ишеним телефону аркылуу байланышты калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.
"Экономиканы жандандыруу жана жарандардын жашоосунда туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Корей жарым аралынын тобокелдиктерин жок кылуу зарыл. Биз кырдаалды көзөмөлдөйбүз, Кореялар аралык байланыш каналдарын, анын ичинде аскердик ишеним телефонун калыбына келтирүүгө жана чыңалууну жаратуучу аракеттерден өз ара баш тартууга умтулабыз", - деп жазган ал Facebook баракчасына.
Буга чейин Түштүк жана Түндүк Корея ишеним телефондору аркылуу байланышып турган, бирок Пхеньян эки коңшу өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кеткендиктен 2023-жылы чалууларга жооп бербей калган.
Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын мурдагы президент Юн Сок Ёлдун өлөгө аскердик абалды киргизүү аракети ишке ашпай калганы үчүн ал бийликтен кетип, мындан улам өлкөдө президенттик шайлоо 3-июнга белгиленген.