Канн кинофестивалында баш байгени "Жөнөкөй кокустук" тасмасы жеңип алды

78-Канн кинофестивалынын баш байгеси "Алтын пальма" ирандык режиссёр Жафар Панахинин "Жөнөкөй кокустук" тасмасына ыйгарылды. Тасмада курман болгондор менен жазалоочулардын ортосундагы мамиле баяндалат.

Жеңүүчүлөрдү жарыялоо аземи ишемби күнү кечинде фестивалдар сарайында өттү.

Экинчи маанилүү сыйлык болгон фестивалдын Гран-присин даниялык режиссёр Йоаким Триердин "Сентименталдык баалуулук" тасмасы алды.

Эң мыкты режиссёр сыйлыгын бразилиялык Клебер Мендонса Фильо "Жашыруун агент" тасмасы үчүн алды. Эң мыкты сценарий үчүн сыйлык "Жаш энелер" тасмасы үчүн француз-бельгиялык Жан-Пьер Дарден менен Люк Дарденге берилди.

"Мыкты актёр" деп бразилиялык Вагнер Моура "Жашыруун агент" тасмасында башкы ролду аткарганы үчүн табылды. "Эң мыкты актриса" наамы Афси Ерзи тарткан "Кичинекей эже" тасмасындагы ролу үчүн Надя Меллитиге берилди.

Калыстар тобунун байгеси Оливер Лашенин (Франция) "Сират" жана Маша Шилинскинин (Германия) "Жыгуунун үнү" тасмаларынын ортосунда бөлүштүрүлдү. Калыстар тобунун атайын сыйлыгы кытайлык режиссёр Би Гандын "Тирилүү" тасмасына ыйгарылды.

Дебюттук тасма үчүн "Алтын камера" сыйлыгы режиссёр Хасан Хадинин "Президенттик торт" тасмасына берилди.

Быйыл Канн кинофестивалынын негизги сынагына жалпысынан 22 тасма катышкан.

Эл аралык Канн кинофестивалы – май айынын аягында Канн курорттук шаарында Круазеттеги фестивалдар жана конгресс сарайында жыл сайын өтүүчү кинофестиваль. Ал биринчи жолу 1946-жылы 20-сентябрдан 5-октябрга чейин өткөрүлгөн. Фестиваль 1951-жылдан кийин өзүнүн заманбап масштабына ээ болгон. 1952-жылдан бери жыл сайын май айында өткөрүлүп келет. 78-кароо 13-майдан 24-майга чейин өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан