Бишкек–Балыкчы поездине билеттер жакында сатыкка чыгат

Бишкек–Балыкчы жүргүнчү поездине билеттер 29-майдан тарта сатыкка чыгат. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билетти онлайн https://ticket.railway.kg/ вебсайты жана railway.kg мобилдик тиркемелери, Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан сатып алса болот.
Билеттин баалары:
Жөнөкөй вагон:
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн – 73 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 150 сом.
Люкс вагону:
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн – 250 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 500 сом.
VIP вагону:
  • 5-10 жаштагы балдар үчүн – 400 сом;
  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн – 800 сом.

Ал эми 5 жашка чейинки балдар үчүн акы алынбайт.

VIP-купе вагону 6000 сом. Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет, жана 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан