Кыргыз улуттук тамагы болгон куурдак – дүйнөлүк Taste Atlas гастрономиялык гидинин версиясы боюнча "50 мыкты чүйгүн тамактар" (50 Best Offal Dishes) тизмесинде 46-орунду ээледи. Жаңыланган рейтинг 2025-жылдын май айында жарыяланган.
Рейтингдин сап башына Ирандын калех паче тамагы чыкты. Ал койдун башы менен бутунан жасалып, айрым учурда тил, мээ жана карыны кошулат. Экинчи орунду Перу өлкөсүнүн чокто бышырылган уй жүрөгүнөн жасалган шишкебеги, үчүнчү орунду болсо Түркиянын кокореч тамагы ээледи.
Taste Atlas – 2018-жылы эл аралык онлайн платформа болуп негизделген. Ал дүйнөнүн ар кыл элдеринин салттуу ашканаларын чагылдырганы менен белгилүү. Алардын рейтингдери колдонуучулардын баалары жана тамак-аш адистеринин пикирлери аркылуу түзүлөт.
Offal dishes категориясына боор, жүрөк, бөйрөк, карын сыяктуу ичеги-карын продукттарынан даярдалган тамактар кирет.
Куурдак – кыргыз ашканасынын өзөгүн түзгөн салттуу тамактардын бири. Ал негизинен эт жана ичеги-карындардан (көбүнчө боор, өпкө, жүрөк) жасалып, пияз жана ар түрдүү татымалдар менен куурулат.