Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян парламенттер аралык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда мыйзам чыгаруу органдарынын өнөктөштүгүн өөрчүтүүгө багытталган демилгелер камтылган.
Аземдин алкагында Армениянын Улуттук жыйынынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Алексей Сандыковго Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылды.
Төрага Тургунбек уулу сыйлыкты тапшырып жатып, кыргыз-армян парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоодо Алексей Сандыковдун салымы чоң экенин баса белгиледи.
Андан соң төрага Ален Симонян Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Армениянын Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар жана отурумдар өтчү залдарын көрсөтүп чыкты.