Франция Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарында Франциянын тышкы соода маселелери боюнча министри Лоран Сан Мартен менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара соода жана инвестиция тармагындагы байланыштарды бекемдөө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу маселелер талкууланды.
Мартен кыргыз жана француз ишкерлери ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ал Кыргызстанды Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары жогорку потенциалга ээ экенин да өзгөчө белгилеп кетти.
"Лоран Сан Мартен жакынкы күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Анын алкагында ал кыргыз-француз бизнес форумуна катышып, Министрлер кабинетинин өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү", - деп жазылат маалыматта.