Чалынып, тоголонуп... Англияда сыр жарышы болду (видео)

Кечээ, 26-майда дүйнөдөгү эң кооптуу жана күлкүлүү мелдеш Англиянын Глостершир графтыгында болуп өттү.

The Guardian гезитинин жазганына караганда, жыл сайын 200 метр бийиктиктеги Купер дөңсөөсүнөн 3,5-5 килограмм салмактагы дөңгөлөк формасындагы жергиликтүү Глостер сыры түшүрүлүп, миңдеген катышуучулар аны кармап, жеңүүчү болуу үчүн ылдый чуркашат. Жарыш бир нече баскычта өтүп, аялдар менен эркектер өзүнчө күч сынашат.

Аталган мелдеш май айынын акыркы дүйшөмбү күнү жаз майрамынын алкагында жыл сайын өткөрүлүп келет. Сыр жарышы жергиликтүүлөр үчүн салттуу иш-чара болуп саналат.

Мелдештин келип чыгышы так белгилүү эмес. Бирок ал жүздөгөн жылдар мурун эле бар болгон. Бир версия боюнча, каада-салт бутпарастык ырым-жырымдардан келип чыккан. Айрым варианттар боюнча, ушинтип адамдар малын жаюу үчүн жайыт жерди пайдалануу укугун тастыкташкан.

27.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан