Ооганстанда тургун балдарды эмдеп жаткан дарыгерлерге карата ок чыгарды

Ооганстандын чыгышындагы Пактия провинциясынын борбору Гардез шаарынын тургуну балдарды шал оорусуна каршы эмдеп жаткан дарыгерлерге ок чыгарды. Окуя кечээ, 26-майда орун алганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, кол салуу Боланд Манзель аймагында дарыгерлер тобу үймө-үй кыдырып, эмдөө жүргүзүп жаткан учурда болгон.

"Дарыгерлер балдарды эмдөө үчүн үйгө келишкен, бирок үй ээси алар менен кызматташуудан баш тарткан. Алар экинчи жолу өтүнүчүн айтып, балдарды эмдетүүгө алып чыгууга көндүрүүгө аракет кылганда үйдөн ок атылды. Медициналык топтун бир мүчөсү каза болуп, экинчиси жарадар болду", - деп билдирди күбөлөр басылмаларга.

Белгиленгендей, буга чейин ооган бийлиги балдарды үймө-үй кыдырып полиомиелитке каршы эмдөөгө тыюу салып, бул үчүн атайын жайларды – мечиттерди жана медициналык борборлорду бөлүп берген.

Басылмалар аталган өлкөдө 2021-жылдан бери шал оорусуна чалдыккан балдардын саны өскөндүгүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан