Милиция кызматкери жоготкон табелдик курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, куралдын жоголушу боюнча Бишкектин Свердлов райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 1-бөлүгү (Шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аны 28 жаштагы жаран таап алганы аныкталган. Ал куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
ИИМ табелдик куралды жоготуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Буга чейин 23-майда айрым жергиликтүү басылмалар милиция кызматкери кызматтык тапанчасын жоготуп алганын жазып чыгышкан. Андагы маалыматтар боюнча, укук коргоо кызматкери куралын ажатканалардын бирине унутуп кеткен.