АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы түрмөдөн качып кеткен он туткундун сегизи кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эки айыпталуучу Техас штатынын Уокер округунан кармалган. Луизиана штатынын Батон-Руж шаарынан дагы бир качкын колго түшкөн. Ошентип 16-майда түрмөдөн качып чыккандардын сегизи бүгүн, 27-майга чейинки аралыкта кармалышты.
Эске салсак, он бир күн мурун түрмөдөн он адам качып кеткени маалым болгон. Алар видеокөзөмөлгө түшүп калышкан. Качкандардын көбү оор кылмыштар менен соттолушканы айтылган.