Бишкекте кичинекей кызы менен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан жаранды сабаган Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу боюнча Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы маалымат берди.
Анда айтылгандай, окуя 23-майда Рухий-Мурас жаңы конушунда болгон. Райондук милицияга Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
"Тергөө кызматына 1996-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран алып келинди. Ага жол эрежесин бузгандыгы үчүн административдик протокол түзүлдү. Ш.А. аттуу жарандын денесине залал келтирүү фактысы боюнча айдоочуга юридикалык баа соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкекте жөө өтмөктөн кичинекей кызы менен өтүп бараткан жаранды ага жол бербеген айдоочу сабап кеткендиги тууралуу видео тарады.