Өлкөнүн жаш футболчулары ирандык атаандаштарын жеңип алышты (видео)

Өлкөнүн футбол боюнча 17 жашка чейинки өспүрүмдөр (U-17) курама командасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпиондугунда ирандык атаандаштарын жеңип алышты.

Кечээ, 26-майда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн беттеште биздикилер Иран курамасын 4:3 эсебинде утту. Оюнда кыргыз курамасы үчүн Элбек Төлөнов, Байэл Мирланов, Бекзат Казаков, Улукбек Ишенбаев гол киргизди. Ошондой эле кураманын дагы бир мүчөсү Бекбол Нурбеков беттештин "Мыкты оюнчусу" деп аталды.

Айта кетсек, аталган турнирге 6 өлкөнүн курама командалары катышууда.

27.05.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан