Орусиянын Украинага каршы согушу узакка созулушу мүмкүн. Мындай билдирүүсүн Германиянын канцлери Фридрих Мерц айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, ал мындай тыянакка Москва менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликсиз аяктагандыгынан кийин келген.
"Владимир Путин сүйлөшүүлөр боюнча сунуштарды алсыздык катары көрүп жатканы анык. Эгер Орусиянын лидери Ватиканда болуучу жолугушуу сунушун кабыл албаса, анда биз бул согуш баарыбыз каалагандан же ойлогондон да узакка созуларын моюнга алышыбыз керек", - деди Мерц басылмаларга.
Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери Орусия менен Украина алгачкы жолу 16-майда Стамбулда жолукту. Анда ок атышууну токтотуу маселеси каралды.