Беларустун борбору Минск шаарындагы аэропорттон беш жыл мурун уурдалган кызын чет өлкөгө алып кетүүгө аракет кылган орус жараны кармалды.
Чет элдик басылмалар жазгандай, аба майданда 21-майдан 22-майга караган түнү Орусиянын паспорттору бар эркек менен кыздын документтерин текшерүү учурунда шектенүү жаралган. Алардын паспорттору жарым-жартылай жасалма болуп чыккан.
Кийинчерээк ал адам киши өлтүргөндүгү үчүн Орусиянын ИИМи тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынганы, ошондой эле ата-энелик укуктан ажыратылып, бала менен мыйзамдуу түрдө жашай албаганы белгилүү болгон. Шектүү ата-энелик укуктан ажыратылгандан кийин кызды апасынан алып качып, 5 жыл Новороссийскиде жашынып жүргөн. Ал жоопкерчиликтен кутулуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына Минск аркылуу учуп кетүүгө аракет кылган.
Кылмышкер учурда тергөө абагында, кыз кылмыш иликтөө кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.